Жалал-Абад. Облуста жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларды аныктоого багытталган рейд өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунда жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларды аныктоого багытталган рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 7 саатка созулган иш-чара Жалал-Абад ОИИБи, облустук прокуратура жана шаардык "Жаштар" коомунун катышуусу менен жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында жол кыймылынын эрежелерин бузган 208 айдоочу аныкталып, аларга жалпысынан 42 миң сом айып салынды. Алардын ичинен: 5 айдоочу мас абалда, 5 айдоочунун транспорттук каражаттарынын мамлекеттик белгиси жок болуп чыккан. Ошондой эле 14 унаанын айнектери караңгылатылган, 2 автоунаада атайын үн жана жарык чыгаруучу жабдуулар орнотулган жана башка жол эрежелерин бузгандардын саны 182 түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ratmira
2015-05-21 01:45:20
Ооба кыйратышты, акча алып эле коюп берип жатыштыго. Для галочки все эти цифры.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан