Өкмөт башчы Темир Сариев кадрдык дайындоолорго кол койду

Премьер-министр Темир Сариев кадрдык дайындоолор боюнча бир катар жарлыктарга кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы 20-майда билдиргендей, жарлыкка ылайык, төмөнкү кадрлар кызматка дайындалышты:

Таалайбек Нурбашев - КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экология жана техникалык инспекциянын директору;

Гүлмира Шакирова - КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы;

Атажан Сабиров – КРнын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Кадырбек Эргешов КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан