Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга 20-майда кол койду.
Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамдын негизги максаты – администрациялык милдетин азайтуу үчүн киреше, роялти жана сатуудан салыктарды төлөө жана салыктардын отчёттуулугун берүү мөөнөтүнүн мезгилдүүлүгүн кыскартуу жолу менен кичи жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана колдоо көрсөтүү.
Мыйзам менен кичи жана орто ишкердик, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга мурдагы ай сайын салык төлөө жана отчёт берүүнүн ордуна квартал сайын отчёт берүү тартиби аныкталат. Коммерциялык эмес уюмдарга ушул тартип жеке киреше салыгына карата гана жайылтылат.
Мыйзам 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.