Тайырбек Сарпашев 3 күндүк иш сапары менен Кытайга жөнөп кетти

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 21-майда Кытайга 3 күндүк иш сапары менен жөнөп кетти. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Сарпашев сапар алкагында соода жана туризм боюнча Кыргыз-Кытай инвестициялык форумуна катышат. Ошондой эле Шэньси провинциясынын жетекчилиги менен бир катар долбоорлорду талкуулап, Сиан соода-инвестициялык көргөзмөсүнө катышат. Синьцзян курулуш корпорациясы менен инвестициялык долбоорлор каралып, кытайлык ири ишканалар менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюлары пландалууда. Сарпашев кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча тең төрага болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан