Депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин комитетинен Жылдызкан Жолдошованын жүрүм-турумун карап чыгууну өтүндү

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутаттар Надира Нарматова менен Жылдызкан Жолдошованын ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, айтыша кетишти. Нарматова жалпы жыйынды алып барып жаткан. Жолдошова Нарматова регламентти бузуп жатканын айтып, "колхоздук принциптер менен эмес, регламент боюнча алып баруу керек" деп кайрылды. 
Нарматова депутат Жолдошова муну менен экинчи ирет кемсинтип жатканын айтты. "Жолдошовага адамдарды кемсинтүүгө укук берилген эмес, эгер менин алып барганым жакпай жатса, жеке сүйлөшөбүз. Бул сөздү экинчи ирет айтып жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетине кайрылып, анын жүрүм-турумун кароону өтүнөм",- деди Нарматова. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан