Бойго жете элек балдарды, аялдарды мунапыс аркылуу абактан бошотуу демилгеси каралды

Жогорку Кеңеште депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Документке ылайык, бойго жете элек балдарды, жаш балдары бар аялдарды, кош бойлуу аялдарды жана 55 жаш курагынан өткөн улгайган аялдарга карата мунапыс жарыялоо сунушталууда. Мыйзам кабыл алынса, жазык аткаруу жайларынан 901 адам бошотулууга тийиш.

Демилгечилердин айтымында, кылмыш аракеттери оор, орду толгус кесепеттерге алып келбеген жашы жетпеген адамдарга жана аялдарга карата боорукерлик актысы катары алгачкы жолу кылмыш жасаган, аларга 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалган адамдарга карата мунапыс колдонуу зарыл.

Андан тышкары жашына карабастан, балдарды тарбиялоодо эненин катышуу маанилүүлүгүн эске алып, жашы жетпеген балдары бар аялдарга же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган балдарга, ошондой эле көп балалуу энелерге да мунапыс жарыялоо сунушталууда.

Талкуу учурунда мыйзам долбоору чийки иштелип калганы айтылып, аны комитеттин кароосуна кайра кайтаруу тууралуу пикирлер айтылды. Ал эми депутат Анарбек Калматов кылмышкерлерди аял жана эркек деп бөлүү Конституция талаптарына кайчы келерин айтты.

Демилгечилердин бири Курманбек Осмонов андай пикирлерге карата "бул атайлаштырылган мыйзам долбоору" деген жообун узатып, депутаттарды мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан