"Донецктеги чырга катышкан кыргыз мамлекетинин жарандарына 1 айга 100 миң рубль төлөптүр". Муну бүгүн, 21-майда парламент жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Депутат кыргыз жеринен жарандар Сирияга гана эмес, Украинадагы конфликттерге катышууга кетип жатышканын белгиледи. "Аларга бир айга 100 миң рубль төлөп бериптир. Бир-эки ай кызмат кылышкандан кийин аларга 5 күнгө өргүү беришкен",- дейт депутат.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште кыргыз мамлекетинин жарандарынын чет өлкөлөрдөгү куралдуу жаңжалдарга катышуусуна тыюу салуу демилгеси каралууда. "Террористтик уюмдар тарабынан жалданган жана өлкөдөн сырткары жерлерде атайын согуш даярдыгынан өткөн адамдарга карата 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөттө эркинен ажыратуу каралат. Ал эми алдын ала макулдашып алган адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган кылмыштар үчүн 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда",- дейт депутат Майрамбек Расулов.