21-майда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорунун концепциясын биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.
Демилгечилердин бири Майрамбек Расуловдун айтымында, мыйзам долбоору эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын, жалданма согушчан топтордун аракетине каршы күрөштү жандандыруу максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык, террористтик уюмдар тарабынан жалданган жана өлкө аймагынан сырткары жерлерде атайын согуш даярдыгынан өткөн адамдарга карата 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөттө эркинен ажыратуу каралат. Ал эми алдын ала макулдашып алган адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган кылмыштар үчүн 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.