Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф Бишкекке учуп келди

21-майда Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф Бишкекке эки күндүк иш сапары менен учуп келди. 
Аны "Манас" аэропортунан премьер-министр Темир Сариев тосуп алганын өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Шариф кыргыз мамлекетинин жетекчилиги: президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев жана спикер Асылбек Жээнбеков менен расмий жолугушууларды өткөрөт. Жолугушууларда мамлекеттер ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтык, аймактык коопсуздукту бекемдөө маселелери талкууланмакчы. Иш сапардын жыйынтыгында мыйзамсыз баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча министрлик жана мекемелер ортосундагы кызматташтык жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлары күтүлүүдө

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан