Прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын иш тажрыйбасына жараша көбөйтүү демилгеси депутаттардын талашына түштү

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын иш тажрыйбасына жараша көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Депутат Курмантай Абдиев мурда "Прокуратура жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизилип, прокуратура кызматкерлеринин пенсиясы судьялардын пенсиясына (2,5 эсе көрсөткүчүнө) теңдештирилгенин, бирок андай түзөтүү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга кошо киргизилбегендиктен, ал мыйзам иштебей калганын билдирди.

Мыйзам долбооруна ылайык, 15-20 жылдык тажрыйбасы бар адамдардын пенсиясы 0,5 эсеге, 20-25 жылдык тажрыйбасы барлардыкы 0,75 эсеге, 25 жылдан ашык тажрыйбасы барлардыкы 1 эсеге өсөт. Ал үчүн бюджеттен 5,6 миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат каралууга тийиш. 

Айрым депутаттар демилгеге каршы чыгышты. Депутат Исмаил Исаков мыйзам долбоорун артка кайтарууну сунуштады. 

"Аскер кызматкерлеринин пенсиясынын нормасы менен прокуратура кызматкерлеринин пенсия нормасын бирдей кылуу нормасын киргизип жатасыз. Бул туура эмес, аскер кызматындагылардын статусу өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан теңештирүүгө болбойт. Акыйкаттык болуш керек, прокурорлор жылуу жерде отуруп иштесе, аскерлер талаа-түздө жүрүшөт. Президент Алмазбек Атамбаев баарын тартипке салып келе жатканда кайрадан чаташтырып жатасыз. Ошондуктан мыйзамды артка кайтарыш керек",- деди Исаков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан