Бүгүн, 21-майда Бишкектеги ата-эне мээриминен четте калуу коркунучунда турган балдар тарбияланган жайда иш-чара болду. Анда Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары, "Бээжин-2008" Олимпиадасынын коло медалынын ээси
Руслан Түмөнбаев социалдык жетимдерге, жарым жетимдерге кеп-кеңешин берди. Ал жаш балдарга ийгиликке жетүүнүн сырларын, Олимпиада оюндарына жана жалпы спортко байланышкан кызыктуу окуяларын айтып берди. Бул жердин тарбиялануучулары спорт ишмерине алдын ала кат жазып, келип берүүсүн суранышкан. Балдар узаткан суроолордун басымдуу бөлүгү спортко тиешелүү болуп жатты.
Р.Түмөнбаев иш-чаранын жүрүшүндө Олимпиаданын коло медалын, Азия чемпиондугунун алтын медалын окуучуларга көрсөттү. "Силерге дагы жуксун" деп тилеген мугалимдеринин сунушу менен 12-13 жаш курагындагы окуучулар медалдарды моюндарына тагып көрүштү.
Кошумчалай кетсек, бул жерде ата-энеси бар социалдык жетимдер жана жарым жетим балдар үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунун алкагында тарбияланышат. Аларга социалдык, психологиялык жана экономикалык жардамдар көрсөтүлүп, түрдүү ийримдер уюштурулат.