Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү максатында акча каражатын чогултуу боюнча марафон өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кайрымдуулук иш-чарасынын башында салтанаттуу чогулуш болуп, окуу жайдын кызматкерлери биринчи салымын кошуу иретинде атайын кутуга акча ташташты. Мындай саамалыкты студенттер да колдоп, өз салымдарын кошушту. “Аталган марафон 1-июнга чейин уланып, соңунда топтолгон каражат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын керектөөсүнө жумшалмакчы” делет маалыматта.