Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Орусия Федерациясынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы берилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.