Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

"2014-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Жайыттарды жана мал чарбаны башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамына президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 22-майда президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө билдирүүгө милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан