Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 23-25-майда Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрөт.
Бул тууралуу 22-майда парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Көчмө жыйындын негизги максаты облус аймагындагы бир катар эл аралык долбоорлордун ишке ашуу жүрүмү менен таанышуу болуп саналат.
Президенттин, өкмөттүн, министрликтер менен мекемелердин, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты жаатындагы өз ара аракеттенүү, Евразиялык экономикалык биримдиктеги парламентаризмдин ролу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.