Өмүрбек Текебаев: "Давыдов мөңгүсүн талкалоого Бакиевдин абийири жол берген эмес"

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын 22-майдагы жыйынында "Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамынын долбоору талкууланууда. Отурумда өкмөт өкүлдөрү аталган долбоор боюнча фракциянын 2014-жылдын 20-июнундагы чечиминин аткарылышы боюнча маалымат беришти.

Мыйзам долбооруна ылайык, мөңгүлөрдүн абалына же аларда камтылган суулардын сапатына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана муз даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге уруксат берилмекчи. 

Депутат Өмүрбек Текебаев буга каршы пикирин билдирди. "Бул долбоор менен өкмөт "Кумтөр" кениндеги Давыдов мөңгүсүн талкалаганы жатат. Бул чоң кылмыш. Кыргыз элинин душманы делинген Бакиев 2009-жылы мындайга барган эмес. Ал эми учурдагы чиновниктер өз кызыкчылыгын гана ойлоп, кылмышка барышууда. Кийин алардын баары камалат",- деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан