Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков өлкөдө тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууну сунуштады.
Анын айтымында, өлкө аймагындагы бир топ жер тилкелери пайдаланылбай жатат. "Тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 500 миң гектар жерди иштетсе болот. Бул максатка жетүүгө дыйкандарга мамлекеттин колдоосу керек. Аталган ыкмага өтсөк, суу үнөмдөлөт, түшүм көбөйөт",- деди Турсунбеков.
Эскерте кетсек, быйыл биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өлкөдө тамчылатып сугарууга керектүү жабдуу чыгарган заводдун курулушу башталарын айткан.