Бишкек шаарынын Свердлов районунда Жарандык коргоо кызматынын машыгуусу өтүп, 20 үй суу каптоодон сакталды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда Жарандык коргоо кызматынын машыгуусу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, штабдык машыгуу акимчиликтин башчысы Айгүл Чылабаеванын башкаруусу астында өткөрүлдү. Иш-чара кокус жер титирөө болсо, Жарандык коргоо кызматынын иш-аракеттерин көрүүгө жана баалоого арналган.  

Машыгуунун алкагында Дордой жана Дордой-2 конуштарынын дренаждык системдери жергиликтүү тургундарды жумушка тартуу менен тазаланды. Ишке 20 адам жана 1 инженердик техника тартылган. Жыйынтыгында 20 үй суу каптоодон сакталды. Машыгуу Свердлов районунун аймагында 19-майдан 21-майга чейин өткөрүлдү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан