Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында 21-майда “Биз биргебиз” көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөдө бир катар факультеттердин, институттун окутуучулары, студенттери тарабынан түрдүү улуттардын улуттук тамак-аштарынын көргөзмөлөрү, улуттук кийимдер көрсөтүлдү. Ошондой эле ар бир улуттун өкүлдөрү улуттук ыр-бийлерин тартуулашты.
Окуу жайдан кабарлашкандай, иш-чара ар улуттун баалуулуктарын көрсөтүү менен этностор аралык ынтымакты, достукту чыңдоо максатында өткөрүлдү. ОшМУда 30дан ашык улуттун өкүлдөрү билим алышат.