Ички иштер министрлиги: "Мыйзамсыз паспорт алыш үчүн 1500 доллар төлөшүүдө, мындай паспорттордун саны 40 миңге жетти"

Өлкөдө мыйзамсыз берилген паспорттордун саны 40 миңге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, паспортту мыйзамсыз алуу үчүн жарандар 200 доллардан 1500 долларга чейин акча төлөшүүдө. "Бул фактылар боюнча акыркы 7 айдын ичинде 21 кылмыш иши козголду. Жалпысынан 11 адам жоопкерчиликке тартылды, 9 адам кармалды. 1 кылмыш иши сотко жөнөтүлдү",- деди Сатыбалдиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан