"Мекемелер аралык талаш-тартыштан кыргыз мигранттары таш бараңга алынбашы керек",- деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында. Жыйында мыйзамсыз алынган паспорттор тууралуу маселе талкууланды. Текебаев ИИМ менен Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосундагы паспорт берүү милдети боюнча талаш-тартышты эскертти. "Паспортторду кайсы мекеме берерин парламент менен өкмөт чечсин. Мыйзамсыз паспорт алыш үчүн жарандар орто эсеп менен 1000 доллар төлөшөт экен. ИИМ мындан пайда көрөм деп майлуу жерди Каттоо кызматынан кайтаргысы келип жатат. Бул талаш-тартыштан миңдеген жарандарыбыз жапа чегишүүдө. Ортоңордогу чырыңарды токтоткула",- деп кайрылды аталган 2 мекемеге Текебаев.