КСДП фракциясы өкмөткө тамчылатып сугаруу ыкмасын колдоо боюнча программа иштеп чыгууну сунуштады

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасында заманбап айыл чарба технологияларын жайылтуу боюнча тез чараларды көрүү жөнүндө маселе каралды.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков тамчылатып сугаруу ыкмасы ири дыйкан чарбаларына эле эмес, катардагы дыйкандарга дагы ыңгайлуу, жөнөкөй экендигин белгиледи. “Биз өкмөткө тамчылатып сугаруу ыкмасын колдоо боюнча фискалдык, экономикалык мүнөздөгү чаралардын программасын иштеп чыгууну сунуштап жатабыз. Бүгүнкү жыйында тамчылатып сугарууда башкы маселе болгон суу скважиналарын калыбына келтирүү маселесин талкуулайбыз”,- дейт фракция лидери.

Депутат Абдыманап Кутушев коюлган максатка жетүү үчүн конкреттүү эмнелер жасалыш керектигин тизмектеди. Анын айтымында, эң оболу тамчылатып сугаруунун жабдыктарын чыгаруучу завод зарыл. Андан кийинки башкы маселе - республика боюнча салынган суу скавжиналарын инвентаризациялоо. Өлкөдө СССР маалынан бери орнотулган 609 скважинанын бүгүнкү күндө 193ү иштейт. Нарын, Таласта азыркы тапта бир да скважина иштебейт. Буларды ишке киргизүү менен миңдеген гектар кайрак жерлерди сугат жерлерине айландырса болот.

Талкууда айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев фракциянын сунушун колдоого алып, биргелешип мамлекеттик программа иштеп чыгуу керектигин айтты. Анын маалыматы боюнча, тамчылатып сугаруудан 20-30 пайыз суу үнөмдөлөт.

Жыйынтыгында фракция мүчөлөрүнүн айткан сунуш-пикирлерин эске алуу менен өкмөткө тамчылатып сугаруу ыкмасын колдоо боюнча фискалдык, экономикалык мүнөздөгү чаралардын программасын иштеп чыгуу маселеси тапшырылды. Анда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү, скважиналарды инвентаризациялоо, аларды оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен каражат кароо жана башкалар боюнча тапшырмалар белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан