Депутаттар Келдибековдун сотунда Жогорку Кеңештин Орусиядагы өкүлчүлүгүн ачуу маселесине байланыштуу көрсөтмө беришти

20-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда депутат Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу 22-майда Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлады. Отурумда депутаттар Талантбек Узакбаев, Ыргал Кадыралиева, Хажимурат Коркмазов, Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин Орусиядагы өкүлчүлүгүн ачуу маселесине байланыштуу көрсөтмө беришти. Узакбаев Жогорку Кеңеште комиссия түзүлгөндүгүн жана ал комиссия төрт пункттан турган токтом чыгаргандыгын көрсөттү. “Чечимде 2010-жылдын 29-декабрында Жогорку Кеңештин Москвада атайын өкүлчүлүгүн түзүү боюнча токтом мыйзамдуу чыкканы, каржылык бузуулар табылбаганы, Жогорку Кеңештин регламенти бузулбаганы жана Келдибеков мыйзам чегинде алып барганы көрсөтүлгөн”,- деди Узакбаев.

Суракка алынган башка депутаттар да Келдибеков эч кандай мыйзам бузууга жол бербегенин кошумчалашты. Сот процесси 26-майда да улантылмакчы болду. 

Келдибеков "Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачууда мамлекеттик бюджетке зыян алып келтирген жана өз укугунан аша чаап пайдаланган" деп айыпталып келет. Ошондой эле ал "Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп турганда мамлекетке каржылык зыян алып келген" деп "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген. Учурда Келдибеков үй камагында кармалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан