Гүлнара Искакова кыргыз мамлекетинин Бириккен Улуу Британия Падышалыгы жана Түндүк Ирландиядагы элчиси кызматына дайындалды. Бул тууралуу жарлыккка президент
Алмазбек Атамбаев 22-майда кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Искакова буга чейин кыргыз мамлекетинин Швейцария, Лихтенштейн, Италиядагы элчиси, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.