Кубанычбек Өмүралиев кыргыз мамлекетинин Беларусь мамлекетиндеги элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өмүралиев буга чейин Кыргыз Республикасынын Араб Эмираттарындагы Башкы консулу болуп иштеп, президенттин жарлыгы менен 15-майда бошотулган.