Бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында премьер-министр
Темир Сариев өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө байланыштуу министрлерге тапшырмаларды берди.
"Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо милдети Тышкы иштер министрлигине жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине тапшырылат. "Кара тизмеден" чыгаруу боюнча мамлекет, өкмөт тарабынан жардам
көрсөтүлүш керек. Элчиликтер, консулдуктар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин уюштуруу зарыл. Буга аталган эки министрлик жооп берет. Ар бир мекендешибиз ЕАЭБ тууралуу маалыматтарга ээ болушу керек. Бишкекте отуруштун кереги жок, Орусияга барып иштегиле",- деп тапшырды министрлерге өкмөт башчы.