Кыргыз мамлекети июнда ЕАЭБдин толук мүчөсү болору күтүлүүдө

Кыргыз мамлекети июнда ЕАЭБдин толук мүчөсү болору күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, ратификациялык документтер дипломатиялык каналдар менен ЕАЭБдин комиссиясына жөнөтүлдү.

"Кечээ Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый окуя болду. Биз баарыбыз күбө болдук. Президент өлкөнүн ЕАЭБге кошулушу жөнүндөгү келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга расмий түрдө кол койду. Андан кийин бул документ дипломатиялык каналдар менен ЕАЭБдин комиссиясына жөнөтүлдү. Ошентип, дүйнөдөгү эң ири биримдиктердин бирине кирүү толук аяктады. 3 жылдан ашык мөөнөттө чоң иш-чараларды өткөрдүк. Сүйлөшүүлөр оңой болгон жок. Парламент, президент, өкмөт бир муштум болуп туруп берди",- деди Сариев.

Айта кетсек, бул эл аралык келишим ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин (Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз Республикасы) баарынын парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин толук күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан