"Евразиялык экономикалык биримдикте бизди оорчулуктар күтөт, атаандаштык күчөйт" дейт премьер-министр

"Евразиялык экономикалык биримдикте бизди оорчулуктар күтөт, атаандаштык күчөйт",- деди бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев.

Анын айтымында, өкмөт тез арада бардык тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча иш жүргүзөт. "Мен ушул багытта Экономика министрлигине өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдетин тапшырам. "Бизде өндүрүлгөн товарлар кантип сыртка чыгат?" деген сыяктуу суроолорго ишкерлерге так жоопторду бергиле",- деп тапшырды министрлерге Сариев.

"Сырттан инвесторлор келе баштайт, анткени чек аралар ачылат, муну менен бирге ири рынок ачылат. Жер-жерлердеги иштерди көзөмөлгө алуу талабын өкмөттүк аппаратка тапшырам. Облустардын жетекчилери менен тыгыз иш жүргүзгүлө",- деп кайрылды аппарат башчысына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан