Бүгүн, 22-майда өкмөттүн жыйынында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бакыт Рыспаев жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүдө.
Сөз береринин алдында премьер-министр Темир Сариев ага кандай жумушчу тартип менен иштеш керектигин эскертти. "Сизге тапшырылган милдеттерди аткарууга кыска мөөнөт берилет. Аким болгонуңузду унутуп, саат 9:00, 10:00дө эмес, 8:00дөн тарта иштей баштаңыз",- деп тапшырды өкмөт башчы.
Эскерте кетсек, Бакыт Рыспаев өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматына 13-майда дайындалган. Буга чейин ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими кызматында иштеп келген.