Президент Бишкек жана Ош шаарларына сырткы видеобайкоо орнотуу боюнча мыйзамга кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамга бүгүн, 22-майда кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Аталган максаттарда мыйзам менен коомчулукка жеткиликтүү болгон ачык жайлар (аянттар, базарлар, сейил бактар, гүл бакчалар, автожолдор жана башка), өнөр жайлык жана башка өндүрүштүк иш же башка ишкердик жүзөгө ашырылган имараттарды, курулуштарды, ошондой эле автоунаалар токтотулуучу жайларды, кооперативдик гараждарды сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдуу ченеми киргизилет.

Мыйзам Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдыла турган объекттерди иштеткен юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан