Президент
Алмазбек Атамбаев 25-майда Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына 23-майда президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчы алгач Ош шаарындагы курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышат. Андан кийин 26-майда Ош облусунун активдери менен жолугушат. Иш сапарынын алкагында облустун Араван районунда болуп кайтат. Мамлекет башчы иш сапарын 27-май күнү Жалал-Абад облусунда улантып, облустагы жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолугушмакчы.