Бүгүн, 23-майда өкмөт башчы
Темир Сариев бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Сариев Нарын облусунда болуп, андагы Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушу менен таанышууда. Андан кийин Жумгал районундагы “Кара-Кече” көмүр кенинин көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышмакчы. Иш сапарынын алкагында өкмөт башчы бүгүн эртең менен Чүй облусундагы Жайыл районунда болуп, Суусамыр айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.