Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө мамлекет башчынын буйругу менен 100 миң сомдон бөлүндү

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу жана калкка тийиштүү жардам берүүнү тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Кыргыз Республикасынын  Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча республиканын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жер көчкүдөн кийин сактоо жана калыбына келтирүү иштерин жөнгө салуу үчүн Сузак районуна барды. Ошондой эле жер көчкү болгон аймакка Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев да учуп кетти.

Президент Алмазбек Атамбаев жер көчкүнүн натыйжасында набыт болгондордун, жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө мамлекет башчынын буйругу менен 100 миң сомдон бөлүндү.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан