Сузакта жер көчкү алдында калгандар жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-майга караган түнү саат 01:49 чамасында Кыр-Жол айылында жер көчкү жүргөн. Анда көчкү 5 үйдү басып калып, 6 адам анын алдында калган. Бүгүн куткаруучулар тарабынан көчкү алдында калган адамдардын жансыз денелери табылып, жерге берилди.