Өкмөт башчы
Темир Сариев Сузак районундагы жер көчкүнүн кесепеттерин тез арада жоюу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле Сариев облус башчысына, акимдерге, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жарандардын өмүрүнө коркунуч алып келчү жайларды тез арада
инвентаризациялоо жасоону буйруду. Ал эми вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында облус борборунда атайын чукул жыйын өтүп, анда кырсык болгон аймакка тез арада чара көрүү маселеси талкууланды. Отурумда Маматалиев кырсыктан жапа чегип, ооруканада жаткандарга көңүл бурулбай жатканына токтолду. "Мен ооруканага барып, жаракат алгандар менен жолугушуп, абалдарын сурап келдим. Бирок аларды караган медицина кызматкерлеринин саны аз. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине тез арада чара көрүү тапшырмасын берем",- деди өкмөт өкүлү.
Эске салсак, 24-майга караган түнү саат 01:49 чамасында Сузактын Кыр-Жол айылында жер көчкү жүргөн. Анда көчкү 5 үйдү басып калып, 6 адам анын алдында калган. Бүгүн куткаруучулар тарабынан көчкү алдында калган адамдардын жансыз денелери табылып, жерге берилди.