Сузак районундагы Кыр-Жол айылынын тургундарын тез арада коопсуз жайга көчүрүп чыгаруу боюнча
Ырыс айыл аймагынын башчысына эскертилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 25-майда билдирди. Ал эми айыл тургундарына буга чейин эскертүү берилип, бирок ушул кезге чейин кооптуу аймакта жашап келишкен. Учурда мындан сырткары облус боюнча 250дөн ашык үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймакта жашашат. Айта кетсек, 24-майга караган түнү эскертүү берилген Кыр-Жол айылында жер көкчкү жүрүп, 6 адам каза болду. Дагы 5 адам ооруканага жаткырылыды. Учурда тазалоо иштери жүрүүдө.