Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайынан республиканын тоо этектеринде сел жүрүүсү күтүлүүдө

25-майда туруксуз аба ырайы болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганын билдирди. 

25-майда күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан