Бүгүн, 25-майда мыйзам чыгаруу процессин өркүндөтүү маселелери боюнча парламенттик жумушчу тобу мыйзам чыгаруу техникасы боюнча инструкциянын долбоорун талкуулоо үчүн өзүнүн кезектеги жыйынын өткөрөт. Аталган жумушчу топ 2013-жылдын май айында Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жана Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин биргелешкен чечими менен түзүлгөн. Бул иш-чара Жогорку Кеңештин "Өнүгүү" стратегиясынын мыйзам чыгаруу техникасын өркүндөтүү бөлүгүнө тийиштүү тапшырмаларды аткаруу максатында өткөрүлүүдө.
Ошондой эле жыйында инструкциянын айрым жоболорун, мыйзам чыгаруу техникасын караштырган "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" жана "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамдарына ылайыкташтыруу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун талкуулоо пландаштырылууда.
Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары жана президенттин, парламенттин, өкмөттүн жана Юстиция министрлигинин аппараттарынын кызматкерлери менен жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган. Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү резолюциянын кабыл алынышы күтүлүүдө.