24-май күнү Сузак районунун Кыр-Жол айылында болгон жер көчкүдөн жапа чеккендерге жардам катары өкмөттүн фондунан 440 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр
Темир Сариев 25-майда кол койгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Маалым болгондой, кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон, ал эми жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө 20 миң жана 10 миң сомдон берилет. Буйрукка ылайык, акча каражаттардын таратылышын вице-премьер-министр
Абдырахман Маматалиев көзөмөлгө алат.