Сузак районунун Кыр-Жол айылында жер көчкүдөн зыян тарткандарга гуманитардык жардамдар жеткирилди. Бул тууралуу 25-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле үйсүз калган үй-бүлөлөргө
10 орундуу 10 даана чатыр жеткирилип, орнотулуп берилди. Маалыматка таянсак, гуманитардык жардам катары кырсыктан жапа чеккендерге турмуш-тиричилигине пайдалануучу буюмдардан сырткары кийим-кечелер берилди. Жеткирилип берилген гуманитардык жардамдар:
1. Тазалык
каражаты - 25 коробка;
2. Ашкана каражаты - 25 коробка;
3. 20 литрлик канистра - 25 даана;
4. Чака - 25 даана;
5. Шалча - 25 даана;
6. Жууркан (одеяло) - 25 даана;
7. Брезент (кендир) - 25 даана;
8. Төшөнчүгө керектелүүчү товарлар - 25 жыйнагы;
9. Меш - 5 даана;
10. Жаш балдардын костюму - 25 даана;
11. Жаш кыздардын юбкасы - 25 даана.