Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды. Бул тууралуу 25-майда президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчыга Ички иштер министрлигинин учурдагы ишмердиги жана коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берилди.

Президент ички иштер органдарынын алдында биринчи кезекте элдин ишенимине ээ болуу боюнча олуттуу милдеттер тургандыгын баса белгилеп: “Элибиз милиционерлер алардын укугун коргойт жана адилеттүүлүктү кепилдейт деп ишениши керек”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Өлкө башчысы өкмөт милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүн техника менен жабдып, милициянын калк менен тыгыз байланышын камсыз кылууга милдеттүү экендигин баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан