Президент Кувейттин эмиринин жеке өкүлүн кабыл алды

25-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кувейттин эмиринин жеке өкүлү, Кувейт мамлекетинин Эль-Кувейт шаарынын муниципалдык кеңешинин төрагасы Мухальхил аль-Халидди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосунда түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды.

Президент менен Мухальхил аль-Халид соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну активдештирүү зарылчылыгын белгилешти.

Мухальхил аль-Халид Алмазбек Атамбаевге Кувейт мамлекетинин эмири, шейх Сабах Аль-Ахмед аль-Сабахтын ыраазычылык сөздөрүн жана атайын кайрылуусун жеткирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан