Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 25-майдагы отурумунда укпай, көрбөй калган, колу-бутунун бири жок адамдар үчүн майыптуулукту белгилөөнү мөөнөтсүз деп саноо демилгеленди.
Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, азыркы убакта укпай, көрбөй калган же ден соолугунун кыймылдуулугу бузулган майыптар милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшөт. "Медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда (МСЭК) аталган категориядагы адамдардын жыл сайын
медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсү ашыкча, бюрократташтырылган болууда. Анткени бир жылдын ичинде угуусу, көрүүсү
калыбына келбейт, колу же буту “өсүп кетпейт”. Андан тышкары бүгүнкү күндө аймактык Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аларды ар жылдык медициналык күбөлөндүрүү үчүн акча каражаттарын
талап кылган учурлар көп кездешет. Бул фактылар укук коргоо органдары тарабынан
дайым эле ырастала бербейт, анткени алардын өздөрү коррупциядан арылган
эмес",- деди депутат.
Талкуунун жыйынтыгында комитет бул долбоорду биринчи окууда жактырды.