Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 25-майдагы жыйынында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга айлык жөлөк пулду 650 сомдон 850 сомго чейин көтөрүү демилгеси көтөрүлдү.
Депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, былтыр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга берилчү жөлөк пулдардан 781 миллион сомдон ашуун каражат үнөмдөлгөн. "Бул каражаттын 170 миллиону административдик жана башка чыгашаларга сарпталган. Өкмөт балдар үчүн акча каражат таап, жөлөк пулду көтөрүш керек. Азыркы жөлөк пулдун көлөмү жетишсиз болууда",- деп нааразы болду Алтыбаева.
Депутат Заирбек Жоошбеков ата-эне балдарын багыш үчүн өкмөттөн жөлөк пул күтпөй иштеши керектигин айтты. "Айрым ата-энелер балдардын жөлөк пулуна жашап калышты. Кээ бири жөлөк пул алыш үчүн балдарына атайын СПИД же башка ооруларды жугузушууда. Мындай фактылар бар",- деди Жоошбеков.
Талкуунун жыйынтыгында комитет аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга жөлөк пулдун көлөмүн жогорулатуу демилгесин жактырышты.