Жан Воиновдун эки күзөтчүсү да убактылуу кармоочу жайга киргизилди 

Бишкектеги мейманканалардын биринде кыздарды сабоого шектелип кармалган Жан Воиновдун эки күзөтчүсү да убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

"Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) шектелип Жан Воиновдун эки күзөтчүсү кармалды, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Биринчи Май райондук соту тарабынан бийчи Жан Воинов 1-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Эске салсак, блогер Алина Жакыпова 30-июнда Sheraton мейманканасында курбулары менен бирге сабалганын билдирген. Жакыпова бул окуя боюнча социалдык тармактарда билдирүү таратып, окуяга бийчи Жан Воинов, анын жубайы Зарина Алмасова жана Заринанын иниси катышканын айткан. Анын айтуусунда, кол салууга башка бир нече эркек киши да катышкан.

Көп өтпөй Бишкектеги Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 206-беренеси (Тоноо) менен иш козгоп, 1994-жылы туулган А.Р. аттуу шектүүнү кармаган. Соттун чечими менен ал бир айга камакка алынган. Эртеси күнү коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воинов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан