Миллиардер Илон Маск өзү түзө турган "Америка" саясий партиясы АКШдагы президенттик шайлоодо талапкерлердин бирин колдорун билдирди.
Бирок ал партия үчүн келерки жылдагы негизги план АКШ Конгрессинен орун алуу экенин белгиледи.
"Президенттикке талапкерлердин бирин колдоо жокко чыгарылбайт. Бирок жакынкы 12 айда негизги көңүл Өкүлдөр палатасына жана Сенатка бурулат",- деп жазган ал X сациалдык түйүнүндө.
Буга чейин Маск Америка саясатында республикачылар менен демократтардын көптөн берки үстөмдүгүнө каршы жаңы саясий партия түзөрүн жарыялаган. АКШ президенти Дональд Трамп миллиардердин саясий партия түзүү демилгесин сынга алып, аны "акылынан адашып калган" адам деп атады.