25-майда президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлгөн Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын 50 жылдык салтанаттуу мааракесине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Данияр Нарымбаев мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан музыкалык мектеп-интернаттын жамаатына жана окуучуларына куттуктоону окуп берди.
“Сиздердин музыкалык мектеп-интернат өлкөбүздүн билим берүү мекемелеринин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Жарым кылымдын аралыгында мектеп уясынан ондогон таланттуу музыканттарды, аткаруучуларды жана педагогдорду тарбиялап чыгардыңыздар. Кыргыз мамлекетинин элинин музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө, руханий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым коштуңуздар”,- деп белгиленет мамлекет башчысынын куттуктоосунда.
Нарымбаев музыкалык мектептин эмгек жамаатына аткарган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, баарына чың ден соолук жана бакыт-таалай каалады.
Ошондой эле ал президенттин атынан мектеп-интернатынын директору И.Аманбаевге кичи автобус сатып алуу үчүн 600 миң сомго сертификат тапшырды.