Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 25-майдагы жыйынында депутаттар Чүй облусунун Панфилов районундагы Алыкул Осмонов атындагы музейдин оңдоо иштерине өкмөттөн 2 миллион 300 миң сом акча сурашты.
Депутат Динара Исаеванын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы аталган аймактын 1,5 чакырым жолун оңдоону каржылап берген. "Сентябрь айына чейин оңдоо иштерин бүтүрүү керек. Каржы министрлиги буга болгону 2 миллион 300 миң сом таап бериши кажет",- деди депутат.