Кытай Түндүк-Түштүк кошумча жолунун кезектеги фазасына 297 миллион доллар бөлөт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун II фазасына жеңилдетилген насыя бөлүү боюнча макулдашуунун долбоору биринчи окууда каралды. 

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, макулдашууга ылайык, Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун II фазасына, анын ичинде Арал – Казарман тилкесиндеги (195-291-чакырым) жолдун курулушуна Кытайдын "Экспорт-Импорт" банкы 185 миллион доллар, ал эми Кытайдын өкмөтү 112 миллион доллар көлөмүндө жеңилдетилген насыялык каражат бөлөт. Алгачкы жеңилдетилген мөөнөтүндө 1,5 пайыз жана андан кийин 2 пайыздык үстөк каражат төлөнүүгө тийиш.

Андан сырткары Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбор Азиялык региондук экономикалык кызматташтыктын биринчи жана үчүнчү коридорлорун бириктирүүчү жолдун кийинки долбоорунун долбоорлоо-сметалык документтерин даярдоо үчүн аванс берүү жөнүндө гранттык макулдашуунун долбоору да жактырылды.

Макулдашууга ылайык, долбоорлоо-сметалык документтерди даярдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкы 3 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Ага Түндүк – Түштүк кошумча жолу менен Ош – Бишкек жолун кошуу үчүн узундугу 91 чакырым келген Арал – Суусамыр жолу аркылуу кошуунун сметалык документтери даярдалмакчы. Ал жол 2016-жылдан тарта салынууга тийиш. Макулдашуу долбоорлору жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан