Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кувейт мамлекетинин эмиринин жекече өкүл-элчиси, Кувейт мамлекетинин Муниципалдык Кеңешинин төрагасы Мухальхиль аль-Халид менен жолугушту. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы тараптар эки өлкөнүн ортосундагы парламент аралык жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашканын билдирди.
Жээнбеков акыркы жылдары эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи. “Кыргыз мамлекети Кувейт менен болгон кызматташтыкты жогору баалайт”,- деп айтты төрага.
Жээнбеков Кувейт мамлекетинин Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али аль-Ганимге Кыргыз Республикасына келип кеткенге чакыруу жиберилгенин өз коногуна кулак кагыш кылды. Ал ошондой эле кыргыз өлкөсүндө туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында Кувейттин жарандары 60 күнгө кирүү визасын алуу зарылдыгынан бошотулганын айта кетти.
Өз кезегинде Мухальхиль аль-Халид өзүнүн иш сапарынын алкагында Бишкек шаардык кеңеши менен Кувейт мамлекетинин Муниципалдык Кеңешинин ортосунда бир туугандык байланыштар тууралуу келишимге кол коюлушу күтүлүп жатканын кабарлады.
Төрага Эль-Кувейт шаарынын жайгашуу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча алдынкы тажрыйбасына Бишкек шаарынын жетекчилиги да кызыгып жатканын белгиледи.
Жолугушууда тараптар орток долбоорлордун аткарылышын, Кыргыз Республикасынын экономикасына, атап айтканда, айыл чарбасына, курулушка, туризм жана энергетика тармактарына инвестиция тартуу маселесин да талкуулашты.